Алайда сел үйлөрдү каптады. Видео

 Алайда сел үйлөрдү каптады. Видео

Бүгүн 3-майда түштөн кийин Ош облусунун Алай районунун бир канча айылдарында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарында турак үйдүн короолоруна суу кирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, Алай районунун Гүлчө айыл аймагындагы Курманжан-Датка айылында сел өткөрүүчү каналдардан сел жүрүп, сел каналдары толуп калган. Ошондой эле 5-6 жарандын короолоруна сел кирген.

Жанылыктар