Алайда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн милициянын жакындары соттун чечимине нааразы

Алай районунда аймактык тескөөчү Нурланбек Эркуловдун мыкаачылык менен өлтүрүп, Гүлчө дарыясына ыргытып жиберген шектүүлөрдү сот 15 жылга эркинен ажыраткан. Бүгүн, маркумдун жакындары нааразычылык билдирип, маалымат жыйын курушту.
Маркумдун жакындары кылмышка тиешеси бар делинген үч жарандын экөөсү гана кармалып, үчүнчүсү эркиндикте жүргөнүн айтышты. Мындан улам, кайрадан ишти карап, териштирип чыгууну соттон өтүнүшкөн. Бирок бул өтүнүч сот тарабынан четке кагылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр менен маркум Илгиз аттуу айыпталуучунун үйүнө туулган күнгө барганы, окуя ошол жерде болгондугу белгилүү болгон. Бирок Нурланбек Эркуловдун жубайы саат 10дор чамасында маркум менен видеочалуу менен сүйлөшүп бир жака барууга ою жок болгонун айтат. Ал жолдошун үйдөн, эркине каршы алып чыгып кетишкен деген ойдо.
Ишти тергеген тергөөчүнүн аракетине да ынанбай турган маркумдун жакындары жакында Ош облустук сотуна кайрыла турганын билдиришти.
Бул иш боюнча айыпталуучулар Илгиз Черикчиев менен Бектурсун Алимжан уулуна карата сот чечими 14-февралда чыкканын. Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы:
“Аты аталган эки жаран тергөөдө коюлган берене боюнча, тактап айтканда Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгү (адам өлтүрүү) боюнча айыптуу деп табылып, 15 жылдан эркинен ажыратылган” – деди.
Эске салсак, бир жыл мурун киши колдуу болгон 32 жаштагы Нурланбек Эркуловдун сөөгү Гүлчө дарыясынан табылган. Денени сырттан кароо жүргүзүүдө башынын аркы тарабынын 4 жеринде жараты, оң кулагынын үстүндө, оң колунда жана бел тарабында жараттары бар экендиги аныктлагн. Далил буюм катары жансыз денени салып келген “Нехсия” үлгүсүндөгү кара түстөгү автоунаа жана мушташ учурунда колдонулган арматуранын сыныгы алынып, тергөөгө өткөрүлүп берилген.