Алайда 59 жаштагы жаран кар көчкүдөн каза тапты

Оштун Алай районунда 59 жаштагы жаранды кар көчкү басып каза тапты.
ӨКМден билдиришкендей, Алай районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн Мурдаш айылынын тургуну 59 жаштагы Т.К. аттуу эркек киши мал издеп, айылдан 3 чакырым алыстыктагы тоого чыгып, тоодон кар көчкү басып калган.
Жерине куткаруучулар жана жергиликтүү тургундардан 20 адам тартылып, кар көчкү басып калган эркек кишинин сөөгүн алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.