«Алай» клубуна эки өзбекстандык оюнчу келди

 «Алай» клубуна эки өзбекстандык оюнчу келди

«Алай» футболдук клубу Өзбекстандык эки оюнчу менен келишим түздү. Жарым коргоочу Жавохир Сохибов жана дарбазачы Ислом Абдуллаев команданын катарын толуктаган.

Жарым коргоочу Сохибов буга чейин «Пахтакор» (Ташкент), «Локомотив» (Ташкент), «Согдиана» (Джизак), «Металлург» (Бекабад), «Турон» (Яйпан), «Сурхон» (Термез) командаларында ойногон. Ошондой эле Өзбекстандын улуттук курамасынын катарына да бир нече жолу чакырылган.

Ал эми дарбазачы Ислом Абдуллаев буга чейин Коканд 1912, Турон , Андижан , Истиклол Фергана командаларында ойногон.

«Алай» футболдук клубунда азырынча 3 легионер бар. Өткөн сезондо жакшы оюн көрсөткөн Муроджон Туйчибаев команда менен келишимин жаңылаган.

 

 

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар