“Алай” футболдук клубуна 4 жаңы оюнчу келди

 “Алай” футболдук клубуна 4 жаңы оюнчу келди

“Алай” футболдук клубунун катарын жаңы 4 оюнчу толуктады. Жарым коргоочу Келдибек Талантбек уулу, Нурлан Сарыкбаев, Рыскелди Артыкбаев жана коргоочу Амантур Шамурзаев менен келишим түзүлгөн. Ошондой эле Нурболот Ырысбеков клуб менен келишимин жаңылаган. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы билдирди.

Келдибек Талантбек уулу буга чейин “Алай” клубунда ойногон. 2019-2020-жылдары өлкө кубогун уткан. Өткөн сезонду “Нур-Баткен” командасында өткөргөн.

Нурлан Сарыкбаев жана Рыскелди Артыкбаев Бишкектин “Дордой” командасынан келген.

Ал эми коргоочу Амантур Шамурзаев өткөн сезондо “Каганат” командасында ойноп, коргонуу бөлүгүндө өзүн мыкты жактан көрсөткөн.

“Алай” футболдук клубу бул жылы Азия кубогуна катышат. Команда алдыдагы сезонго даярдыгын баштаган. Клубдун жетекчилиги жана машыктыруучулар штабы алмашкан.

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар