“Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

 “Ала-Тоо” аквапаркындагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Борбор калаадагы “Ала-Тоо” аквапаркында мектеп окуучусунун өлүмү фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу  Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Анын айтымында, бул фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 127- «Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келүү» жана 297- «Керектөөчүлөргө коркунуч жаратуу» беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Буга чейин “Ала-Тоо” аквапаркына No95 мектептин 3-классынын окуучусу чөгүп кеткени маалымдалган.Кечээ саат 11.00дөр чамасында Бишкек шаарындагы бассейнге жашы жете элек бала чөгүп кеткени тууралуу маалымат милицияга түшкөн.

Кийинчерээк баланын апасы окуя боюнча комментарий берип,  Instagram баракчасына билдирүү  жарыялады.

Аялдын айтымында, ата-энелерге  мекемеде куткаруучулар жана эки чоң кишилерди коштоочулар болот деп ишендиришкен.

«Мен мектепке жана бул жактагы куткаруучуларга ишенгем. Бирок, балам сууга чөгүп кетти, дароо тез жардам чакырышкан эмес,  ал  15 мүнөттөн кийин   келди, мен азыр баламсыз кантип жашаймын, анын өлүмүнө ким жооп берет? Ошол учурда куткаруучулар кайда болушкан? Бир айдан кийин балам  10 жашка чыкмак… Ишенимдүү маалымат жазып койгулачы.  Мен уулумдун жанында болгон эмесмин, калп жазбагыла, – деп айтылат текстте.

Жанылыктар