Ала-Букада кенден 1 кг 833 гр алтын метал уурдаган кылмыштуу топ кармалды

Ала-Бука районундагы кен казган компаниядан алтын карактаган кылмыштуу топ кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.
Өткөн жылдын 8-ноябрына караган түнү болжол менен саат 02:30 чамасында бет кап, кол каптарды кийишкен, алдын ала даярдалган таяктарды, белгисиз үлгүдөгү ок атуучу тапанча алган топ Ала-Бука районунунда жайгашкан кен казуучу ишканалардын бирине бастырып киришкен.
Каракчылар кендин кароолчулары менен жумушчуларын сабашып, алардын бирөөсүнө карай ок чыгарышып, денесине залал келтиришкен. Улдук телефондорун жараксыз абалга келтиришип, чет элдик жарандын 20 миң сом накталай акчасын алышкан.
“Кендеги темир сейфтин ичинде сакталып турган салмагы 1 кг 833 гр алтын металын ачык түрдө тартып алышкан. Ишкананын короосунда токтоп турган “Митсубиши Делика” үлгүсүндөгү автоунаанын дөңгөлөктөрүн бычак менен жарышып, фараларын талкалашып, жанында токтоп турган “Тойота Ленд Крузер Прадо” үлгүсүндөгү автоунаасын айдап, окуя болгон жерден изин жашырып качып кетишкен”, – деп айтылат маалыматта.
Шектүүлөр кенге жалпы суммасы 10 млн сомдон ашуун материалдык зыян келтиришкен.
Бул факты Ала-Бука РИИБнын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын, 7-башкармалыгынын, маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн ыкчам талдоо тобунун, Жалал-Абад ОИИБдин жана Ала-Бука РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында бул кылмышка шектелип Ала-Бука районунун тургундары 1992-жылы туулган Ч.Б., 1995-жылы туулган Т.С. жана 1996-жылы туулган М.Ж. кармалып, 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.