Ала-Бука: Иске ууланган 10 адамдын абалы канааттандырарлык

 Ала-Бука:  Иске ууланган 10 адамдын абалы канааттандырарлык

11-октябрда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын кендеринин биринде иске ууланып, ооруканага түшкөн 10 адамдын абалы канааттандырарлык. Алар баары тең дарыгерлердин көзөмөлүнөн өтүп, жардам алган соң үйүнө чыгарылды. Бул тууралуу 12-октябрда аймактык оорукананын жетекчисинин орун басары Өмүралы Жээнтаев  билдирди.

“Ооруканага иске ууланып жалпы 11 адам түшкөн. Алардын бири жолдо үзүлүп кеткен экен, түз эле өлүкканага жиберилген. Калган 10 бейтаптын алтоо биринчи жардам алгандан кийин кеткен, калган төртөө тиешелүү дарыларды алып, түндө чыгып кетишти. Баары иске ууланган”Ала-Букадагы алтын кендеги кырсык 11-октябрдын түнү болгон. Маалыматка караганда, 37 жана 24 жаштагы эки адам иске ууланып каза болгон. Үч киши Ала-Бука аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Ууланган адамдардын баары Ала-Бука жана Чаткал райондорунун тургундары. Милиция окуянын чоо-жайын териштирүүдө.
Жергиликтүү тургундар каза болгондор жана ооруканага түшкөндөр Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык “Фул Голд Майнинг” компаниясынын жумушчулары экенин айтышты.

Жанылыктар