Ала-Арча суу сактагычынан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

 Ала-Арча суу сактагычынан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Бишкек шаарынын Аламүдүн районуна караштуу Калыс-Ордо конушундагы Ала-Арча суу сактагычынан 19 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиргендей, 26-июнда “Ала-Арча” суу сактагычына 19 жаштагы М. у Б. аттуу жигит түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн.

Бүгүн жерине издөө-иштерин жүргүзүү үчүн саат 10:05те Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынан 6 суучул куткаруучу тартылган.

Издөөнүн натыйжасында сууга чөгүп кеткен жарандын сөөгүн чыгарылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилген.

Жанылыктар