Акжол Махмудов —грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону

Кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында чемпион аталды. Кыргызстандык спортчу грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 77 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/4 финалдан старт алды. Алгач Махмудов ирандык спортчуну мөөнөтүнөн мурда жеңип (9:1), андан кийин кореялык балбан менен беттешип, аны 4:1 эсебинде уткан.
Финалдык беттеште казакстандык балбан Максат Ережепов кыргызстандыкка атаандаш болду. Анда Махмудов 3:1 эсебинде жеңишке жетип, 2022-жылыдагы Азия чемпиону аталды.
Буга чейин 63 килограммга чейинки салмак ченинде Тынар Шаршенбеков катары менен 3 жеңишке жетип, Азия чемпиону болгон.