Акыркы суткада коронавирустун 781 учуру катталып, үч адам каза болду

 Акыркы суткада коронавирустун 781 учуру катталып, үч адам каза болду

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 17-январдагы маалыматына ылайык, акыркы бир суткада өлкөдө COVID-19дун жаңы 781 учуру катталып, үч адам каза болду. 

Илдетти жуктургандардын басымдуусу Бишкек менен Чүйдө.

Бишкекте – 658, Ош шаарында – 11, Чүйдө – 48, Ош облусунда – 0, Таласта – 14, Нарында – 3, Ысык-Көлдө – 6, Жалал-Абадда – 14, Баткенде – 27 жаңы учур катталды. Жалпы – 190 468.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 102 адам. Жалпы – 181 072. Каза болгондор – 3. Жалпы – 2833 киши каза болду.

Учурда стационарда 907 жана амбулатордук түрдө 4167 адам дарыланып жатат.

Жанылыктар