Акыркы коңгуроо аземинде   кафелерге барууга  жана сыртка чыгууга тыюу салынат

 Акыркы коңгуроо аземинде   кафелерге барууга  жана сыртка чыгууга тыюу салынат

Мектептерде акыркы коңгуроо майрамына карата кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле сейил бактарда сейилдөөлөргө, жаратылышка жана суу объектилерине саякаттоого тыюу салынат. Бул тууралуу   Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Ведомство акыркы коңгуроону 9-июнда өткөрүү боюнча буйрук даярдап жатат. Саат 9.00-10.00дө республиканын бардык мектептеринде (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик) салтанаттуу линейкалар  өткөрүлөт. Буйрукка бүгүн кол коюлуп, жарыяланышы күтүлүүдө. Тыюу салуу жөнүндө бардык мектеп окуучуларына, алардын ата-энелерине, ошондой эле билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Буйрук аткарылбаган жана мүмкүн болгон окуялар болгон учурда аларды жоопкерчиликке тартуу чаралары каралат.

Эске салсак, окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылганына байланыштуу мектептерде акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат.

Жанылыктар