Акыркы бир суткада коронавирустун 874 учуру катталып, эки адам каза болду

 Акыркы бир суткада коронавирустун 874 учуру катталып, эки адам каза болду

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 16-январдагы маалыматына ылайык, акыркы бир суткада өлкөдө COVID-19дун жаңы 874 учуру катталып, эки адам каза болду. 

Илдетти жуктургандардын басымдуусу Бишкек менен Чүйдө.

Бишкекте — 670, Ош шаарында — 27, Чүйдө – 69, Ош облусунда – 12, Таласта — 22, Нарында — 5, Ысык-Көлдө – 7, Жалал-Абадда – 41, Баткенде — 21 жаңы учур катталды. Жалпы — 189 687.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 108 адам. Жалпы — 180 970.  Каза болгондор — 2. Жалпы — 2820 киши каза болду.

Учурда стационарда 836 жана амбулатордук түрдө 3562 адам дарыланып жатат.

Жанылыктар