Акыркы бир суткада коронавирустун 607 учуру катталып, бир адам каза болду

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 15-январдагы маалыматына ылайык, акыркы бир суткада өлкөдө COVID-19дун жаңы 607 учуру катталып, бир адам каза болду.
Илдетти жуктургандардын басымдуусу Бишкек менен Чүйдө.
Бишкекте – 404, Ош шаарында – 14, Чүйдө – 97, Ош облусунда – 10, Таласта – 20, Нарында – 5, Ысык-Көлдө – 13, Жалал-Абадда – 24, Баткенде – 20 жаңы учур катталды. Жалпы – 188 813.
Ошол эле учурда бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 122 адам. Жалпы – 180 862. Каза болгондор – 1. Жалпы – 2828 киши каза болду.
Учурда стационарда 746 жана амбулатордук түрдө 2888 адам дарыланып жатат.