Акыркы бир суткада коронавирустун 426 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду

 Акыркы бир суткада коронавирустун 426 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду

Коронавируска каршы республикалык штабдын бүгүн, 24-январдагы маалыматына ылайык, акыркы бир суткада COVID-19 илдетинин 426 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду. 

Вирусту жуктургандардын басымдуу бөлүгү Бишкек менен Чүйдө катталды.

Ага ылайык, Бишкекте – 31, Ош шаарында – 10, Чүйдө – 44, Ош облусунда – 0, Таласта – 4, Нарында – 4, Ысык-Көлдө – 10, Жалал-Абадда– 18, Баткенде – 22 кишиден вирус табылды. Жалпы – 195 820.

Ошол эле учурда бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 589 адам. Жалпы – 183 517. Каза болгондор – 2. Жалпы – 2851.

Ал эми стационарда 1176 жана амбулатордук түрдө 6780 адам дарыланып жатат.

Жанылыктар