Акылбек Жапаров жарандарды эл каттоого активдүү катышууга чакырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кечээ 2022-жылдагы калкын жана турак жай фондун жалпы республикалык каттоого катышты.
Министрлер Кабинетинин башчысы каттоочунун суроолоруна жооп берип, ал атайы мобилдик тиркеме аркылуу толтурулду.
Акылбек Жапаров жарандарды эл каттоого активдүү катышууга чакырып, бул кампаниянын маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Белгилесек, калкты жана турак жай фондун каттоо 2022-жылдын 25-мартында башталып, 3-апрелге чейин созулат. Республиканын алыскы райондорунда каттоо 2022-жылдын 23-апрелинен 2-майына чейин өтөт.
Кампания мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта алгач ирет өтүүдө, каттоочулар ишинде планшеттерди, же мобилдик телефондорду пайдаланууда.