Акылбек Жапаров Сауд Аравиянын элчисин кабыл алды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Сауд Аравия Королдугунун Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрахим Аль-Радини кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, Жолугушуунун катышуучулары саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулады.
Министрлер Кабинетинин башчысы белгилегендей, Сауд Аравия Королдугунун тышкы иштер министри, ханзаада Фейсал бин Фархан Аль Сауддун жакында Кыргыз Республикасына болгон иш сапары эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө түрткү берет.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы кошумчалагандай, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу милдеттеринин катарына кыргыз-сауд бизнес форумун, кыргыз-сауд өкмөттөр аралык комиссиясынын III жыйынын өткөрүү, ошондой эле эки өлкө ортосунда туруктуу авиакаттамдарды ачуу кирет.
Ошону менен бирге тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун, көп тараптуу платформаларда жана эл аралык уюмдарда кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.