Акылбек Жапаров Ош-Ноокат-Баткен жолунун курулушу менен таанышат

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунда эки күндүк жумушчу сапары менен барды.
Сапардын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин башчысы Баткен облусунун бир катар өнөр жай объектилерин кыдырып чыгып, Ош – Ноокат – Баткен автожолун реконструкциялоо иши менен таанышат.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин көчмө жыйынын өткөрөт.