Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылды

 Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылды

28-апрель күнү эртең менен Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров М.Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөгү ооруп, кан басымынын төмөндөшүнө арызданып кайрылган.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, электрокардиография жана коронарография аркылуу жүргүзүлгөн процедуралар миокард инфарктын тастыктаган жок, бирок жүрөк тамырларынын спазмы аныкталган.

Учурда Министрлер Кабинетинин башчысынын ден соолугунун абалы туруктуу жана канааттандырарлык.

Дарыгерлердин кеңешмесинде Акылбек Жапаровдун ден соолугун ооруканада жаткан шартта калыбына келтирүү чечими кабыл алынды.

Жанылыктар