Акылбек Жапаров Москвада Михаил Мишустин менен кеңири чөйрөдө жолугат

 Акылбек Жапаров Москвада Михаил Мишустин менен кеңири чөйрөдө жолугат

Бүгүн, 22-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москва шаарына иш сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу аткаруу бийлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров иш сапардын алкагында Орусиянын өкмөтүнүн башчысы Михаил Мишустин менен жолугушуу өткөрөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын кеңири чөйрөдөгү маселелери талкууланары айтылды.

Акылбек Жапаровдун Москвага сапары үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде макулдашылган. Анда Жапаров орусиялык кесиптеши менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Жанылыктар