Акылбек Жапаров мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши менен таанышты

Министрлер rабинетинин nөрагасы Акылбек Жапаров «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомунун иши менен таанышты.
Жыйындын жүрүшүндө ипотекалык насыялоонун актуалдуу маселелери, анын ичинде эл аралык жана атамекендик финансы институттарынын кредиттик каражаттарын тартуу, жаңы финансылык продуктыларды ишке киргизүү маселелери талкууланды.
Эскерте кетсек, былтыр министрлер кабинети мамлекеттик ипотекалык компанияны 5,2 млрд сомго капиталдаштырган, ошондой эле «Менин үйүм 2021-2026» жаңы турак-жай программасы кабыл алынган.