Акылбек Жапаров Кыргызстанда кумаркананын ачылышы боюнча комментарий берди

 Акылбек Жапаров Кыргызстанда кумаркананын ачылышы боюнча комментарий берди

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кыргызстанда казинолор кайра ачылат деген маалымат боюнча журналисттерге комментарий берди.

Анын айтымында, министрлер кабинети жакшы жактарын карап, мамлекеттик бюджетти толтуруу үчүн казинолор ачылууда.

«Учурда бизге башка өлкөлөрдөн барып, Россияда иштеп жаткан  IT адистери  көчүп келүүдө. Каттоо процедураларын жөнөкөйлөштүрүү, жаңы ишканаларды ачуунун үстүндө иштеп жатабыз… Шарт түзөлү деп жатабыз. Казино ачууга келсек, ал жерде биздин республиканын жарандары болбойт. Чет элдиктер үчүн казинолор иштей баштайт. Болбосо алар лицензиясынан ажыратылат”, – дейт Акылбек Жапаров.

Буга чейин Экономика жана соода министрлиги «Оюн-зоок ишмердүүлүгү боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып жатканы белгилүү болгон.

Кумар оюну ишкердиктин лицензияланган түрү болуп калат. Лицензияларды берүү акы төлөнөт. Төлөмдүн өлчөмүн министрлер кабинети аныктайт.

Жанылыктар