Акылбек Жапаров криптавалюта боюнча пикирин билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бүгүн, 15-февралдагы маалымат жыйында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, криптавалюта жөнүндө пикирин билдирди. Анын айтымында, учурда электрондук акчаны киргизүү боюнча пилоттук долбоор иштелип чыкан.
“Цифровой сом боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырсакпы деп жатабыз. Криптавалютага көз салып жатабыз. Балдар, неберелер алек болуп жүрүшөт. Карап турабыз. Бирок өкмөт ага өтө катуу кызыктар болуп киришкен жерибиз жок. Бирок цифровой сомду киргизгенге ниеттенип азыр долбоорду даярдап бүттүк”,- деди Жапаров.