Акылбек Жапаров Дубайда 9-Дүйнөлүк өкмөттөр саммиттин ачылышына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөн IX дүйнөлүк өкмөттөр саммиттин ачылыш аземине катышты.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Акылбек Жапаров саммиттин алкагында “Туруктуу өнүгүүнүн максаттары аракетте”, “Шыктандыруучу диалогдорду тездетүү” панелдик сессияларында сөз сүйлөйт.
Мындан тышкары бир катар эки тараптуу жолугушуулар пландалууда.