Акылбек Жапаров дарылануудан кайтып келип, жумушка чыкты

 Акылбек Жапаров дарылануудан кайтып келип, жумушка чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Германиядагы дарылануусу аяктап, Кыргызстанга кайтып келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жапаров жумушка чыгып, аппараттык кеңешме өткөрдү.

Акылбек Жапаров 28-апрелде жүрөгү ооруп, ооруканага жаткырылган. Ал Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөк оорусуна жана кан басымынын төмөндөшүнө байланыштуу түшкөн.

Өткөрүлгөн электрокардиография жана коронарография процедураларынын жыйынтыгында «жүрөк-кан тамыр спазмасы» деген диагноз коюлганы айтылган. 3-майда ал Германияга дарылануу үчүн учуп кеткени белгилүү болгон.

Жанылыктар