Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат

 Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат. Маалыматты министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлады.

Жапаров  Дубай шаарындагы «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышып, ошондой эле Дубай шаарындагы «Dubai Smart City» жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» менен таанышат.

Жумушчу сапардын  алкагында «Кыргызстан – Бириккен Араб Эмираты – 2021» туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өтөт, анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.

Жанылыктар