Акылбек Жапаров Баткендеги аскер бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Баткен облусунун Баткен районундагы аскер бөлүктөрүнүн абалы менен таанышты.
Министрлер Кабинетинин башчысына аскердик техника жана аскер кийимдери көрсөтүлдү.
Өз кезегинде Министрлер Кабинетинин Төрагасы жоокерлерге кайратман кызмат өтөөсү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан Ардак грамоталарды жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын энчилүү сааттарын тапшырды.
Күндүн соңунда Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бажы кызматынын аймактык бөлүмүнүн кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрүп, анда 2022-жылга карата милдеттер жана пландар белгиленди.