Акылбек Жапаров Баткенде курулган үйлөрдүн сапаты менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров соңку кыргыз-тажик чек ара чырында бузулган турак жайлардын ордуна салынган үйлөрдүн сапаты менен таанышты.
Иш сапардын экинчи күнүндө, Акылбек Жапаров Баткен районундагы Ак-Сай айыл аймагынын Капчыгай жана Ак-Сай айылдарында, Самаркандек айыл аймагынын Миң-Өрүк айылында, Кара-Бак айыл аймагынын Достук айылында салынган үйлөргө барды.
“Оору кайсы жерде болсо, жаның ошол жерде” дейт. Баткенде тынчтык болмоюнча, Баткен өнүкмөйүнчө – баарыбыздын ишибиз, аракетибиз ушул жерде болот. Тынчтыкта жашайм десең, ар дайым бардык нерсеге даяр бол дейт. Армиябызды, чек арабызды күчтөндүрөбүз. Кирем дегендердин мизин кайтарууга кудуретибиз жетет. Баардык жаңы техникалар келген”, – деди Акылбек Жапаров.
Эске салсак, Баткенде бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 332 турак үйдүн курулушу толук бүткөрүлдү. Жалпысынан жарактан чыккан 418 үйдү жаңыдан куруу каралган. Анын ичинде Баткен районунда 317. Ал эми калган 86 турак үйдүн курулуш иштери мартта толук бүткөрүлүп, пайдаланууга берилээри күтүлүүдө.
Жапаров жакынкы күндөрү турак үйлөрдүн баары бүтсө, бир күн токтотпостон жол салууну, көчөнү көрктөндүрүү, жарыктандыруу иштерин баштоо зарыл экендигин билдирди.
“Туура, буга чейин курулуш материалдары жолдордо үйүлүп тургандыктан иштер башталган эмес. Эми жолдор салынып, электр зымдары тартылып, таза суу, сугат суу системалары толугу менен ишке киришсин. Айрыкча таптакыр талкаланып кеткен Капчыгай, Ак-Сай айылдарына көчө бойлото арча-карагайлардан отургузуу унутта калтырылбасын. Татынакай айыл болуп калсын деген Президенттин тилегин баарылап ишке ашыруууга милдеттүүбүз”, – деди ал.