Акылбек Жапаров Өзбекстандын бир катар ишканаларына барды

 Акылбек Жапаров Өзбекстандын бир катар ишканаларына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана кыргыз өкмөттүнүн делегациясынын мүчөлөрү Фергана жана Наманган облустарында жайгашкан «Global Textile», «Fazman Textile», «Art Soft Holdings» жана «Iftihor Kiyim Sanoat», ишканаларында болушту. Бул туурасында министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Global Textile» фабрикасынын иши менен таанышуу учурунда Акылбек Жапаров жеңил өнөр жайы Кыргызстандын экономикасынын динамикалуу өнүгүп жаткан тармактарынын бири экендигин белгиледи.

«Муну эске алуу менен Өзбекстан Республикасынын текстиль өндүрүшүнө инвестицияларды жана заманбап технологиялык чечимдерди тартуу боюнча тажрыйбасы биз үчүн өтө маанилүү. Биз ошондой эле өзүбүздүн узак мөөнөттүү заказчиктерибиздин катарына сиздер жигердүү жана ийгиликтүү кызматташып жаткан дүйнөлүк бренддерди тартуу менен өнүгүүбүз керек», – деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы жана кыргыз делегациясынын мүчөлөрү «Art Soft Holdings» жана «Fazman Textile» компанияларынын курамына кирген текстиль ишканасынын иши менен таанышып, ошондой эле республикадагы эркектердин кийимдерин өндүрүүчүлөр арасында лидер саналган («ADIM» бренди) «Iftihor Kiyim Sanoat» ишканасынын жаңы өндүрүштүк комплексинин курулушу менен таанышты.

Акылбек Жапаров жеңил өнөр жай ишканалары чыгарган продукциянын сапатын эл аралык сертификациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын башында Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин ортосунда жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган.

Анын алкагында Өзбекстан-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан «Fazman Textile» деңгээлине туура келген текстиль ишканасынын курулушуна 16 млн АКШ доллары өлчөмүндө каражат бөлүнөт, ал Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жайгашмакчы.

Маалымдама: «Fazman Textile» текстиль фабрикасы 2022-жылдын соңунда ачылган, ал жылына 1 млн даанага чейин эркектер, аялдар жана балдар үчүн костюмдарды чыгарат. Экспорттун көлөмү жылына 15 млн АКШ долларына бааланат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар