Акыйкатчы эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылып, куралдуу кол салганы үчүн Тажикстанга чара көрүүгө чакырды

 Акыйкатчы эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылып, куралдуу кол салганы үчүн Тажикстанга чара көрүүгө чакырды

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Европа Биримдигинин Адам укуктары боюнча атайын өкүлү Имон Гилмор менен телефон аркылуу байланышып, Тажикстанды чек ара айылдарынын жай тургундарына каршы куралдуу аракеттерди токтотууга  чара көрүүгө чакырды

Ошондой эле адам өмүрүн, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бардык эл аралык укук коргоо уюмдардын ишмердүүлүгүн күчөтүүсүн суранды.

“Лейлек районунун Максат айылындагы мектепти жана бала бакчаны сабак учурунда тажик аскер кызматкерлери эч бир аёсуз аткылаган. Ок атууну токтотуу талабына карабастан, агрессорлор Баткен районунун Ак-Сай жана Достук айылдарындагы мектептерди, бала бакчаларды жаш балдардын барына карабай аткылап, басып алып, жабдуулдарды талкалап, өрттөгөн”,-деди Абдрахматова.

Акыйкатчы ушул жылдын тогуз айында Тажикстандын ар кандай куралдуу провокацияларынан улам карапайым калк үйлөрүн төртүнчү ирет таштап кетүүгө аргасыз болгондугун белгиледи.

Жанылыктар