Аксыда жасалма мөңгү тоңдурулду

Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүндө кыш мезгилинде 50 миң куб метрден ашкан муз, жасалма жол менен тоңдурулду. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Шекербек Камчыбек уулу билдиргендей, муз суугат суу көйгөйүн чечүүгө жардам берет.
«Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына жасалма жол менен мөңгү тоңдурулду. Анын көлөмү 50 миң куб метр. Ал Бириккен Улуттар уюмунун колдоосу менен ишке ашты. Жасалма муз тоңдуруу менен жайыттарды сактап калууга дагы чоң жардам болот. Эң негизгиси суугат суу жана малдар ичүүчү суу болот. 2023-жылы 3 жерге жасалма жол менен муз тоңдорууну пландап жатабыз»,- деди ал.
Аксы району тоолуу райондордун катарына кирет. Райондун көпчүлүк калкы мал багуу менен күн кечирет.