Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

 Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«21-22-май күндөрү нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен улам Аксы районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Райондун Кашка-Суу, Кара-Суу,Авлетим,Ак-Суу, Кызыл-Туу айыл өкмөттөрүндөгү 4370 метр ички жолду, 6 ички чарбалык көпүрөнү сел алган.
Андан сырткары 29 турак үйдүн там аркаларын суу каптап, 1 социалдык объект менен 6 турак үйдүн ичине суу кирген», — деп билдиришти ӨКМдан.
Жеринде жарандык коргонуу кызматтары жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы иш алып барышууда.

Жанылыктар