Аксы окуясына 20 жыл. Президент курман болгондорду эскерип, кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду

Бүгүн, 17-мартта Аксы окуясына 20 жыл толду. Өлкө башчысы Садыр Жапаров курман болгондорду эскерип, кыргызстандыктарга кайрылуу жолдогонун президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров 2002-жылдагы Аксы окуясы бийлик бутактарында карама-каршылыктар күчөп, реформалар үзүрүн бербей, жеке кызыкчылыктар үстөмдүк кылып турганы себеп болгонун белгилейт.
Натыйжада мамлекеттеги абал курчуп, бийликтин бардык бутактарында Акаевдин үй-бүлөсүнүн жосунсуз жоруктары чектен ашкан. Социалдык-экономикалык абал оорлоп, саясий кырдаал кризиске кабылган.
“Аксы районунун тургундары эл байлыгын талоонго алууга, өлкөнүн улуттук байлыгын сатууга макул болбогон азаматтарды кысымга алган текебер бийликке жалтанбастан каршы чыгышкан. Авторитардык жана коррупцияга чырмалган режимге каршы чечкиндүүлүк, каармандык менен күрөшкөн. Келечекке кайдыгер карабаган аксылыктар өз кызыкчылыгынан эл кызыкчылыгын жогору койгон.
Эгемен Кыргызстандын тарыхында бир нече төңкөрүштөр орун алды. Алар — демократия жолундагы, таза, эркин, өнүккөн мамлекет куруу сапарындагы эң оор, мааниси терең тарыхый окуялар. Өкүнүчтүүсү, бул тарыхый төңкөрүштөр карапайым жарандарыбыздын өмүрүн алды.
Аксы трагедиясында курман болгон атуулдарыбыз биздин эсибизде түбөлүккө сакталат. Кыргызстандын бүтүндүгү үчүн, элдин эркиндиги үчүн өз жандарын аябаган аксылыктардын эрдигине таазим кылам!», — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.
Ошондой эле, мамлекет башчысы Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.
Эске салсак, 2002-жылдын 17-мартында Нарындагы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине жана ошол кездеги бийликтин бул кадамына каршы чыккан Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына нааразы болгон эл Аксыдан Бишкекке жөө жүрүш жасаган. Аларды токтотуу үчүн Боспиек айылынан күч түзүмдөрү тосуп чыгып, эки тараптын кагылышынан 6 адам каза таап, 70тен ашык адам ар кандай жаракат алган.