АКШнын президенти Жо Байден Киевге барды. Видео

АКШнын президенти Жо Байден Украинанын борбору Киев шаарына күтүүсүз барды.
Ал Украинанын президенти Владимир Зеленский менен Михайлов соборуна барып, согуш талаасында жан берген жоокерлерге таазим этти. Ошол учурда сиреналар жаңырып турду.
Президент США Джо Байден приехал с необъявленным визитом в Киев.
Жолугушуу учурунда Жо Байден Америка Кошмо Штаты Украинага 500 млн долларлык аскердик техникаларды жөнөтө турганын маалымдады.
Буга чейин Байден коңшу Польшага барары айтылган. АКШнын Ак үйү Байдендин Киевге барарын четке кагып келген.