АКШнын мамлекеттик катчысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушат

 АКШнын мамлекеттик катчысы Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушат

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бүгүн Астана шаарына расмий сапары менен барды. Казакстандын баш калаасында ал С5 + 1 форматында Борбор Азиядагы беш өлкөнүн тышкы иштер министрлери менен жолугушат.

Reuters агенттиги белгилегендей, бул Блинкендин АКШ президенти Жо Байдендин администрациясынын башкы дипломаты катары аймакка жасаган алгачкы сапары болуп калды.

Блинкен бул сапарын утурлай Twitter баракчасына Борбор Азия менен өнөктөштүк мамилелерди мындан ары да өнүктүрүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатканын жазган.

C5+1 саммитинде экономика, энергетика, экология тармактарындагы кызматташтык маселелери менен катар АКШнын, Кыргызстан, Казакстан Тажикстан, Түркменстан жана Өзбекстан менен коопсуздук жаатындагы мамилелери талкууланары кабарланган.

Астанада Энтони Блинкен Казакстандын жетекчилери менен да жолугушууларды өткөрөт. Андан кийин Өзбекстанга барат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар