АКШ Тажикстанга учкучсуз учактарды берет

 АКШ Тажикстанга учкучсуз учактарды берет

АКШ жакынкы эки жылда Тажикстанга коопсуздук үчүн 60 миллион доллардан ашык каражат бөлөт. Бул тууралуу «Озодлик» жазып чыкты.

АКШнын Тажикстандагы элчиси Жон Марк Поммершайм 10-майда Дүйшөмбүдөгү маалымат жыйынында жардамдын алкагында 20 миллион долларга чек ара аймактарында өлкөнүн аба мейкиндигин көзөмөлдөө үчүн Puma чалгындоочу учкучсуз учактарды берилерин белгиледи.

Элчинин айтымында, АКШ Тажикстандын аймагында аскердик база түзүүнү көздөбөйт.

Мындан тышкары, АКШ тажик-ооган чек арасында чек ара заставасын, Ооганстан менен чек арага 900 аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн чек ара заставасын курат.

Жанылыктар