АКШ Европада В61-12 атомдук бомбаларын жайгаштырууну тездетүүнү чечти

 АКШ Европада В61-12 атомдук бомбаларын жайгаштырууну тездетүүнү чечти

АКШ Европада модернизацияланган В61-12 бомбаларын жайгаштырууну тездетүүнү чечти. Ага ылайык, атомдук бомбалар декабрда НАТОнун европалык базаларына жеткирилиши керек. Бул тууралуу Politico гезити дипломатиялык катка жана булактарга таянуу менен билдирди.

Басылма дипломатиялык документке шилтеме жасап, бомбалар “Россиянын өзөктүк риторикасынын көбөйүшүн эске алуу менен, мындан ары да даярдыгын камсыз кылуу үчүн” тездетилген негизде жеткирилет деп маалымдады.

Бирок, Пентагондун басма сөз катчысы Патрик Райдер бул Украинадагы акыркы окуяларга эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.

Эске салсак, 14-октябрда НАТО Европада өзөктүк куралды токтотуу боюнча пландуу машыгууларды өткөрөрү белгилүү болгон. Маалыматка караганда, машыгуулар 30-октябрга чейин уланат. Ага 14 мамлекет жана 60ка чейин аскердик учак катышат. Мындан тышкары, НАТОдо белгиленгендей, машыгуу учуулары Бельгия, Түндүк деңиз жана Улуу Британиянын үстүнөн ишке ашырылат. Ошону менен бирге НАТОнун пландаган ядролук машыгууларына аскердик курал тартылбай тургандыгы белгиленди.

Машыгуулар дүйнөдө болуп жаткан окуяларга тиешеси жок экени айтылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар