АКШ элчилиги америкалыктарды Орусиядан чыгып кетүүгө чакырды

 АКШ элчилиги америкалыктарды Орусиядан чыгып кетүүгө чакырды

АКШнын Москвадагы элчилиги Орусияда жүргөн америкалыктарды “тез арада” бул өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды. Мындай билдирүү элчиликтин сайтына жарыяланды.

Билдирүүдө буга “Орусиянын Украинага кол салуусунун күтүүсүз кесепеттери”, “орус укук коргоо органдарынын АКШ жарандарын куугунтукка алуу ыктымалдыгы”, “Орусия менен транспорттук байланыштын чектелгени”, “АКШ элчилигинин Орусиядагы америкалыктарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгүнүн чектелгендиги” жана “террордук чабуул коркунучу” себеп экени жазылган.

Билдирүүдө ошондой эле орус бийлиги АКШ тарабынан берилген документтерди тааныбастан, кош жарандыгы бар америкалыктарды армияга чакырышы мүмкүн экени белгиленген.

Мындан тышкары элчиликтин билдирүүсүндө эл аралык коопсуздук нормаларын сактабаган орус авиакомпанияларынын учактары менен учуудагы тобокелдиктер жогорулаганы жазылган.

АКШ элчилиги америкалыктарды Орусияга барбоого жана бул өлкөдөгү кандай гана нааразылык акциялар болбосун аларга катышпоого чакырды.

АКШнын элчилиги 2022-жылы америкалыктарды эки жолу “Орусиядан тез арада чыгып кетүүгө” чакырган – алгач Орусия Украинага кол салгандан көп өтпөй 28-февралда жана экинчи жолу Орусияда мобилизация жарыяланган 28-сентябрда.

Орусиянын бийлиги мобилизация аяктаганын жарыялаганы менен президенттин тиешелүү жарлыгы дале күчүндө жана каалаган учурда миобилизациялык иш-чаралар кайра башталышы мүмкүн.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар