АКШ Өзбекстан менен Тажикстанга аскер учактарын берери айтылды

 АКШ Өзбекстан менен Тажикстанга аскер учактарын берери айтылды

АКШ Ооганстандагы терроризмге каршы күрөшүү көмөктөшсө, Өзбекстан менен Тажикстанга 50 аскердик учак менен тик учак берүү мүмкүндүгүн карап жатат. Бул тууралуу Politico басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, сөз  былтыр “Талибан” Кабулду басып алган кезде ооган учкучтары айдай качан учактар жөнүндө болуп жатат. Алардын арасында C-208 учактары, A-29 Super Tucano жеңил чабуулчулары, Ми-17, Ми-25 жана UH-60 Black Hawk тик учактары бар.

Ушул тапта АКШ коопсуздук тармагында байланыштарды бекемдөө жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча бейформал келишимдерге жооп иретинде Өзбекстан менен Тажикстан өкмөтүнө учактардын бир бөлүгүн берүү ыктымалдуулугун кароодо.

Жанылыктар