Акча таратып жаткан үгүтчүлөр кармалды

Аламүдүн районунун Маевка айылында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин үгүттөөчүсү добуш сатып алуу максатында акча таратып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Маевка айылында депутаттыкка Аламүдүн шайлоо округунан талапкердин үгүттөөчүлөрүнүн мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган маалыматты текшерүү максатында ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлүп, натыйжада “Жаңыл” жана “Эрлан” аттуу үгүттөөчүлөр шайлоочулардын тизмеси тууралуу, жаңы тизмелерди түзүү үчүн атайын бланктардын дайын экендигин жана талапкер тарабынан алдын ала акча каражаты бериле турганын билдирип, тизменин негизинде шайлоочуларды алып келүүнү суранып, ар бир шайлоочу үчүн миң сомдон бере турганын билдирген.
Кечээ, 25-ноябрда ыкчам кызматкерлер тарабынан Жаш Гвардия жана Киев көчөлөрүнүн кесилишинде 1965-жылы туулган Б.А. аттуу үгүттөөчү М.М. аттуу жаранга 5 имң сом акча берип жаткан жеринен кармалган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Аламүдүн районунун Маевка айылындагы жайгашкан штабына кароо жүргүзүлүп, үгүттөөчү Б.А.га тиешелүү үгүт материалдары, жарандардын жана үгүттөөчүлөрдүн тизмелери алынган.
Белгиленгендей, Б.А. сурак учурунда чынында Жогорку Кеңештин депутаттыгына Аламүдүн шайлоо округунан талапкерге үгүттөөчү катары иштээрин, аны менен расмий түрдө келишим түзүп, салык кызматынан патент алгандыгын, 40ка жакын башка үгүттөөчүлөрдү иштетип жатканын жана өздүк эсеби аркылуу 255 миң сом алып башка үгүттөөчүлөргө таратып бергендигин билдирди. Үгүттөөчү Б.А.ны өздүк кароо жүргүзүү учурунда анын жанынан кошумча 51 миң 500 сом алынган.
Жазык-процессттик кодексинин 98-беренеси боюнча 1965-жылы туулган Б.А. Ысык-Ата РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.