Акча талап кылуу фактысы менен кармалган Мелис Аспеков 7 жылга эркинен ажыратылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту жарандык активист Мелис Аспековду 7 жылга эркинен ажыратты.
Соттун маалыматына ылайык, ал жазасын жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөйт жана активист тарабынан жабырлануучуларга келтирилген зыян төлөнүп берилди.
Эске салсак, 9-январда жарандык активисттер Мелис Аспеков менен Улан Жураев “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң АКШ долларын талап кылуу фактысы боюнча кармалган.
26-январь күнү Улан Жураев тергөө менен кызматташууга макулдук бергени үчүн үй камагына чыгарылган. Ал Башкы прокуратура менен кызматташуу келишимине кол койгон. Ал эми Мелис Аспеков тергөө аяктаганга чейин СИЗОго камалган.
Улан Жураев күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылды.