Акаев: Тажикстан куралдуу кол салганы үчүн эл аралык кылмыш сотунда жооп бериши керек

 Акаев: Тажикстан куралдуу кол салганы үчүн эл аралык кылмыш сотунда жооп бериши керек

Бүгүн, 21-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынын депутаттар Баткендеги чек ара жаңжалында курман болгондорду эскерүү менен башташты. Эл өкүлү Жанар Акаев мындай окуялар дагы кайталанбашы үчүн Тажикстан эл аралык кылмыш сотунда жооп бериши керектигин айтты.

Акаев муну менен Кыргызстан Рим статусуна мүчө болушу керектигин белгиледи.

“Эл аралык кылмыш соту бар, аны Рим статусу деп койот. Ага Тажикстан мүчө. Ал жерде так жазылып турат, аскерий, агррессиялык кылмыш жасагандар эл аралык сотто жооп бериши керек деп. Биздин жай тургундарыбызды, аскерлерибизди куралдуу күч менен басып киргендер эл аралык кылмыш сотунда жооп берүүгө тийиш. Президент Рим статусуна мүчө мамлекеттердин катарына кирүүгө руксат берген. Парламент дагы жактырып берели”,-деди Акаев.

Буга чейин  коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов кыргыз бийлиги “Тажикстандын кол салуусун далилдөөчү материалдарды эл аралык деңгээлге алып чыгууга даяр экенин билдирген.

Жанылыктар