Акаев менен Атамбаев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты

 Акаев менен Атамбаев президенттердин жолугушуусу тууралуу үн катты

18-февралда президент Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго отургузганын Фейсбук баракчасына жазган. Аталган жолугушуу тууралуу Аскар Акаев жана Алмазбек Атамбаев өз пикирлерин билдирди.

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев билдирүүсүндө өлкөнүн азыркы президенти Садыр Жапаров жана анын командасы эки жылдын ичинде бардык тармакта ийгиликтерге жетишкенин белгилеген.

Мындан тышкары, коңшу мамлекеттер менен болгон алака жакшырып, ири долбоорлордун ишке ашып жатканын баалады. Акаев муну менен Кыргызстандын келечеги үчүн Жапаровду колдой турганын айткан.

“Экономикада да ийгиликтер бар. Эң ири алтын казуучу «Кумтөр» ишканасы улутташтырылып, тек гана кыргыз элинин жана Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы үчүн иштей баштады. Кыргызстандын ИДПсы 2022-жылы 7%га өсүп бардык ЕврАзЭС жана КМШ өлкөлөрү үчүн рекорддук көрсөткүч болду. Алдыда эбегейсиз чоң инфраструктуралык долбоордун башталышы – Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу турат, ал кыргыз өндүрүүчүлөрүн түздөн-түз океанга алып барат. Эң ири Камбар-Ата ГЭСинин курулушу улантылат, бул экономиканы өнүктүрүүнүн энергетикалык базасын чыңдайт.

Мына ушундай шартта президент Садыр Жапаров өзүнөн мурункулардын баарын дасторконго чогултуп, тарыхый мааниге ээ кадам жасады. Чынында эле бул тарыхый окуя, залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен айтканда, «Кылым карытар бир күн» деген окуя болуп калды.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен дагы элди президент Садыр Жапаровдун тегерегине биригип, учурдагы ыңгайлуу кырдаалдан пайдаланып, гүлдөгөн Кыргызстанды курууга экономикалык көтөрүлүш жасоого чакырам!», — деп айтылат Аскар Акаевдин билдирүүсүндө.

Алмазбек Атамбаев дагы Садыр Жапаровдун бул демилгесин колдой турганын жана өлкөдө тынчтык, биримдик болушун каалай турганын билдирди.

Бирок, ошол эле учурда жолугушууга толук катышпай, чыгып кетүүгө аргасыз болгонун жазган. Ал буга себеп катары өлкөдөгү кандуу окуяларды эске салып, ага күнөөлүүлөр жооп бериши керек деп белгилеген.

“Мага президент Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жолугушууга чакырганын, эркин сүйлөшүп, эски таарынычтарды унуталы дешкенин айтышты. Жакшылык эсимде, ошондуктан баш тарта алган жокмун жана виза боюнча Испаниянын элчиси менен алдын ала пландаштырылган жолугушууну токтоттум. Сиздерге белгилүү болгондой, премьер-министр Педро Санчес мени дарыланууга чакырды — бул үчүн ага чоң рахмат!

Бирок жолугушуунун аягында мен эч ким менен коштошпой, англисче чыгып кетүүгө аргасыз болгон жагдай жаралды. Келечекте зарылчылык жаралса, албетте, майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем.

Өлкөбүздө тынчтыктын, биримдиктин орношу жана Бакиевдердин Кыргызстанга кайтып келиши эки чоң айырма. Айкалыштыруу такыр башка натыйжа берет. Өтө көп кан төгүлдү, өтө көп нерсени унутууга болбойт. Анан албетте, күнөөлүүлөр жооп бериши керек. Каза болгондордун жакындары биринчи кечириши керек. Ал эми президент Садыр Жапаров мени угуп, туура чечим чыгарат деп ишенем», — деп жазган Атамбаев.

Белгилесек, Садыр Жапаров Кыргызстанды буга чейин башкарып кеткен журт башчыларын эл-жердин түбөлүк ынтымагы үчүн чогултканын жазган.

Кыргызстан эгемендүү мамлекет аталгандан бери өлкөнү алтынчы президент Садыр Жапаров башкарууда. Ага чейин Кыргызстанды Аскар Акаев (1991 — 2005), Курманбек Бакиев (2005- 2010), Роза Отунбаева (2010 — 2011), Алмазбек Атамбаев (2011 — 2017), Сооронбай Жээнбеков (2017-2020) жетектеген.

 

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар