Ак буура дарыясынан сөөгү табылган 19 жаштагы студент кыздын айылдаш жигиттин сөөгү суудан табылды

 Ак буура дарыясынан сөөгү табылган 19 жаштагы студент кыздын айылдаш жигиттин сөөгү суудан табылды

Бүгүн, 1-июлда саат 09:30 чамасында Ош шаарындагы каналдан 27 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. Маалыматка караганда, суу чарба башкармалыгы тарабынан Араван—Ак-Буура каналында суу токтотулуп, саат 05:00дө дайынсыз жоголгон 1995-жылы туулган А. уулу Б.ны издөө иштери башталган. ӨКМдин Кара-Суу району боюнча бөлүмүнөн 18 куткаруучу тартылып, майор А.Исакуловдун жетекчилигинде иш алып барылды. «Саат 09:30 чамасында аталган жигиттин жансыз денеси Араван—Ак-Буура каналынан, Ош шаарынын Набережная көчөсүнүн жанынан аккан жеринен жергиликтүү эл тарабынан табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Сөөк каналга түшкөн жеринен 3 чакырым аралыктан табылды», – деп айтылат маалыматта. Буга чейин Ош шаарында 27 жаштагы жигит Араван—Ак-Буура жана Кайырма каналдарынан изделип жатканы маалымдалган. Баткен облусундагы Кадамжай районунун 1995-жылы туулган тургуну А.уулу Б. 28-июлда Ак-Буура дарыясынын жээгинен сөөгү табылган 19 жаштагы студент кыз менен бир күн мурда чогуу болгону болжолдонуп жатат. Анын унаасы Озгур айылынын аймагынан табылган.

Жанылыктар