«Айыл Банк» мыйзамсыз ири өлчөмдөгү насыяларды берген

 «Айыл Банк» мыйзамсыз ири өлчөмдөгү насыяларды берген

«Айыл Банк» ААКнын коррупция фактысы боюнча иликтөө иштери башталганын УКМК кабарлады.  Атайын кызмат 100% акциясы мамлекетке тиешелүү болгон банктын ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүндөгү коррупциялык көрүнүштөрдү текшерди.

Жыйынтыгында, «Айыл Банк» ААК тарабынан айрым компанияларга өтүмсүз мүлктү күрөөгө коюу боюнча ири өлчөмдөгү кредиттерди мыйзамсыз жана туура эмес бөлүп берүү фактылары тастыкталды.

Аталган насыялар калктын социалдык жактан аялуу катмарына, ошондой эле дыйканчылыкты жана мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө багытталганы, чындыгында бул кредиттердин банкка төлөмдөр боюнча чоң карызы бар экендиги аныкталды.

Бул факт  Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Сотко чейинки өндүрүштү иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча «Айыл Банк» ААКтын жооптуу адамдарынын жана башка жактардын аракеттерине юридикалык баа берилип, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилмекчи.

Жанылыктар