Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Азиянын мыктысы деп табылды

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова Азиядагы эң мыкты балбан кыз деп табылды. Бул тууралуу Instagram UWW Asia билдирди.
Бириккен күрөш дүйнөсү жылдын мыкты спортчуларын атады.
Айсулуу Тыныбекова Олимпиада оюндарында күмүш, дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынган.
Грек-рим жана эркин күрөш боюнча ирандык балбандар Мохаммад Реза Гераии жана Хассан Яздани Черати да мыкты болушту.
Алдыңкыларга сыйлыктар Улан-Батордо өтүүчү Борбор Азиядагы Күрөштүн Бириккен дүйнөлүк уюмунун Башкы ассамблеясында ыйгарылат.