Айсулуу Тыныбекова Ислам оюндарында алтын медаль тагынды

WW 62kg Podium: Gold: Aisuluu TYNYBEKOVA (KGZ)
Айсулуу Тыныбекова Ислам тилектештик оюндарында экинчи ирет жеңишке жетти.
Түркиядагы турнирде Тыныбекова 62 килограммга чейинки салмакта күч сынашты.
Ал алгач эле 1/4 финалдан баштап, казакстандык спортчуну жеңген. Жарым финалда сенегалдык балбан кыз менен беттешип, 10:0 эсебинде жеңип финалга жолдомо алган.
Чечүүчү беттеште Тыныбекова Гвинеялык спортчу менен беттешип, 11:0 эсебинде жеңишке жетти.