Айсулуу Тыныбекова Египеттеги эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты

 Айсулуу Тыныбекова Египеттеги эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Египетте өтүп жаткан Ibrahim Moustafa эл аралык мелдештин жарым финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат.

Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмакта мелдештин 1/8 финалынан баштап күчүн сыноодо. Ал алгач франциялык Амелин Дуар менен күрөшүп, аны 7:0 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда Тыныбекова америкалык Кайла Миракл менен кармашып, атаандашын мөөнөтүнөн мурда 10:0 эсебинде жеңип алды.

Мелдеш 21-25-февраль күндөрү Александрия шаарында өтүүдө.

Эскерте кетсек, Египеттеги эл аралык мелдеште Акжол Махмудовдун агасы Сыймык Махмудов (63 кг) жана Раззак Бейшекеев (67кг) грек-рим күрөшү боюнча коло медаль уткан.

Исхак Туратбек уулу

https://oshtv.kg/

Жанылыктар