Айсулуу Тыныбекова чейрек финалга чыкты

Айсулуу Тыныбекова Сербияда өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.
Спортчу 62 кг салмак даражада беттешин баштап, Болгариялык балбанды 3:2 эсебинде утту.
Грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдеш 10-18-сентябрда Белград шаарында өтүүдө.
Белгилей кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионатына Кыргызстандын атынан 15 спортчу барды.