Айлык аз. Ошто соттун кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышты. Видео

Бүгүн, 31-январда Ош облустук жана шаардык соттун аппарат кызматкерлери нааразычылык акциясына чыгышып, айлыктарынын аз экенин билдиришти. Соттун төрагасы кызматкерлерге жабык жыйын өткөрөрүн айтып, журналисттерди киргизген жок.
Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Айпери Турат кызы апапарат кызматкерлеринин айлыгы чындап эле аз экенин белгиледи.
«Биздин аппарат кызматкерлери бүгүн эрте мененден баштап, нааразычылык акциясына чыгабыз деди. Себеби бизде айлык аз. Биздин башка көйгөйлөрүблүз бар мисалы бала бьаксага балдарыбызды беребиз. Башка көйгөлөрүбүз бар дешти. Ар биринин өзүнүн көйгөйү бар. Негизгиси айлыктын аздыгы»,- деди Айпери Турат кызы.
Ал кошумчалагандай, соттун аппарат кызматкерлери алты миң сомдон сегиз миң сомго чейин айлык алса, соттун жардамчылары 12 миң сомго чейин ал эми соттор өздөрү 60 миң сомго чейин алышат.